Ле Корбьюзе
Ле Корбьюзе (чын фамилиясы — Жаннере) Шарль Эдуар (6. 10. 1887, Ла-Шо-де-Фон, Швейцария—27. 8. 1965, Рокбрюйн-Кап-Мартен, Франция)— француз архитектору ж-а архитектура теоретиги.
Кол өнөрчүнүн үй-бүлөсүнөн. Венада Й. Хофмандан (1907), Парижде О. Перреден (1908—10), Берлинде П. Беренстен окутан. 20-30-жылдардагы иштерине «Ситроен» турак үйү (1922, типтүү долбоор), Бордого жакын Пессак нос. (1925), СССР борб. статистика башкармасы- нын имараты (Москва, 1928—35; Н. Д. Колли м-н бирге) ж. б. кирет. 50- жылдары Роншандагы Нотр-Дам- дю-0 капелласын (1950—54), Эвёдогу Ла-Турет доминикан монастырын (1956—59), Индияда Чандигарх ш-нын генпланы м-н өкмөт имараттарынын ансамблин, 60-жылдарда Гарвард ун- тинин иск-во борборун (Кембриж, 1964), Венециядагы оорукананы (1965) ж. б. долбоорлогон. Ле К. азыркы доорду терең иликтөөнүн негизинде массалык турак үйлөр проблемаларын шптеп чыгып, жацы арх-ралык сунуштар киргизген, бөлмө ыцгайлуу болушу үчүн, тех. жактан так иш- төонү, компакттуу пландоону, үйдүн айлана-чөйрө м-н айкалышын эске алган. Ал сүрөт өнөрүнүн да түрдүү тармактарында эмгектенип, дубал бетиндеги сүрөттордү, килем эскиздерин ж-а скульптура композицияларын жараткан.
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. "4 том" Фрунзе 1979