Аризона кратери
Көрүнүш
Аризона кратери, Барринжера кратери - Аризона штатындагы (АКШ) Уинслоу шаарынын жанында. Диаметри 1200 м, тереңдиги 175 м. Метеориттин таасиринен пайда болгон. Аризона кратеринин ичинен жана тегерек четинен метеориттик никелдүү темирдин сыныктары табылган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1