Кальцит
Кальцит (латынча calcis — аки), акиташ шпаты, карбонаттар классына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы СаСОЗ. Тригон системасында кристаллданат. Өңү ак, боз, каралжын, саргыч. Курамындагы киринди элементтерге жараша түрдүү түстө болот. Кээси түссүз. Мөлтүрөгөн тунуктары да кездешет. Кош чагылууну пайда кылган тунук түрү исланд шпаты деп аталат. Анын бетин чийсе, кош чийин болуп көрүнөт. Айнектей жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3. Салыштырма салмагы 2,7. Суу кошулган туз кислотасын тамчылатсак, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарып, боркулдап кайнайт. Жер кыртышында кеңири тараган минерал. Акиташ, доломит, мрамор, бор сыяктуу тектердин курамында жолугат. Химиялык чөкмөлөрдө (акиташ, доломит), гидротерм (кальцит тарамдары) жана метаморфизм процессинен ( мрамор) пайда болот. Жаныбарлардын скелеттерин, сөөк-саактарын, раковиналарын түзүүгө катышат. Курулуш ишинде, акиташ өндүрүүдө, металлургияда, химияда, кагаз, резина өнөр жайында, айнек жасоодо, полиграфияда колдонулат. Исланд шпаты микроскопто пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9