Лемешев, Сергей Яковлевич
Көрүнүш
Лемешев, Сергей Яковлевич [27. 6. (10). 7. 1902, Князево айыл, Тверн губерниясы.—26. 6. 1977, Москва] — орус совет ырчысы (тенор), СССР эл арт. (І950).
- 1948-жылдан КПСС мүчөсү.
- 1925-ж. Москва консерваториясын бүткөн.
- Ырчылыкты 1926-ж. Свердловск опера жанa балет театрында баштаган.
- 1931—65-ж. СССР Чоң театрынын солисти. Тандалма партиялары: Ленский (Чайковский, «Евгений Онегин»), Берендей (Римский-Корсаков, «Аяз кыз»), Альмавива (Россини, «Севилдик чач тарач») ж. б.
- Чет өлкөлөрдө бир нече жолу гастролдо болгон.
- СССР мамл. сыйл. лауреаты (1941).
- Үч Ленин ордени, «Ардак Белгиси» ордени жанa медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.