Мазмунга өтүү

Шагинян Мариэтта Сергеевна

Википедия дан

Шагинян Мариэтта Сергеевна (21. 3(2.4). 1888, Москва - 20. 3. 1982, ошол эле жер) - орус совет жазуучусу, филология илимдин доктору (1946). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1976), Армян ССР ИАнын корр. мүчөсү(1950), Жогорку аялдар курсунун тарыхфилос. ф-тин бүткөн (1912).

1906-19-ж. газеталарда иштеген. Октябрь революциясынын жеңиши чыгармачылыгына кеңири жол ачкан. Анын туңгуч көлөмдүү чыгармасы - интеллигенция турмушун чагылдырган «Тагдыр» (1923) романы. Ал агитациялык, укмуштуу окуялуу «МессМенд» аттуу повестинин сериялары (1923-25) менен таанылган. «Гидроцентраль» (1930-31) романында социалисттик курулуш, адамдардын ортосундагы жаңы мамилелер баяндалган. «Советтик Арменияга саякат» (1950; СССР мамлекеттик сыйл., 1951) сыяктуу очерктерди жазган. «Ульяновдордун үйбүлөсү» (1938,1957 - Лениндик сыйл. 1972), «Биринчи бүткүл россиялык» (1965) романдарында жана очерктеринде Россиянын 19-кылымдын 70-жылдарындагы тарыхын хроникалуу чагылдырган. Чыгармалары көп тилдерге (а. и. кыргызчага да) которулган. Эки Ленин, үч Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси», Октябрь Революциясы, Эл Достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4